Menu

Өзүнөн башкага ишенбейт

Бөлүшүү:

Адахан Мадумаров учурда көчөдө ышкырып эмне кылаарын билбей бош калган аткаминерлердин зерикенден улам бийликке «биз барабыз» дегенди билдирип коелу деп чогулушкан тегерек столуна барып аябай нааразы болду. Адахан мырза: «Мени бир нерсе таң калтырып жатат. Балким силердин келечектен үмүтүңөр бышыгырак болсо керек. Бардыгыңар президент айтты, президент деди деп жатасыңар. Коррупция менен күрөшпөйм деп кайсы президент айтты эле? Баары күрөшөм деген.

Акаев: “Коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына чыкты” – деген, Бакиев: “Элге кызмат кылам” – де­ген. Токтотпойлубу, президент ай­тып койду, туура айтты дегенди. Бийликти ушинтип жатып биз бузабыз. Коррупция гүлдөп жаткан болсо бийликте ким отурду эле, досуң отурбады беле президент болуп? Же бөтөн жактан айдан түштүңбү бүгүн? » – деп, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн президент Сооронбай Жээнбековго ашыкча ишенип жатканын сынга алды.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: