Бай болгусу келбеген деги эле жер жүзүндө бир дагы пенде жок. Кенен-кесири жашап, алака-катышы көп, кадыры арткан адам болууну ким эле каалабасын? Бирок ошол кадыр-баркка жетиш үчүн акча каражаты көп болуш керек экенин моюнга албаганда кантебиз? Кантип байыш керек? Балким бул адамдын психологиясынан да көз каранды болуп жүрбөсүн? Бардык эле адамдарды “эмнеге бирөөлөргө акча жугумдуу да экинчилерине канча иштесе да жетпейт?” – деген суроо ойлондурса керек. Адатта адамдар кимдир бирөө байып, иши жүрүшүп жатса: “Балким лотореядан утуп алгандыр, атасынан калган мүлкүдүр же пара алып чиригендир, болбосо арам акчага байыган неме” деген гана аныктамаларды беришет. Бирок чындыгында ал адам кантип байыгандыгын тереңден түшүнгүсү келбейт жана өзү дагы башкалардай байыш үчүн кандай аракет кылыш керектигине кызыккан эмес дешет адистер. Психологдордун айтымында “бай болуу” да өзүнчө бир илим. Аны изилдеп окуу, тереңдеп түшүнүүнү талап кылат жана өз мыйзамдары бар. Кандай мыйзам деп ойлонуп жаткандар үчүн бир нече мыйзамдарын чагылдырып беребиз.
- Акчаны сүйгөндү үйрөнүңүз!
Эң башкы эреже – акчаны сүйө билүү. Акчаны сүйөт десе аны эч нерсеге коротпой басып жатуу эмес! Акчаны сиз каалаган, чын жүрөгүңүздөн алгыңыз келген нерселерге коротуу жана сатып алынган нерселериңизден ырахат алуу. Эгерде сиздин ойлоруңуз бир гана акчада болуп, максатыңыздан, ырахатыңыздан аясаңыз, эч качан бай болбойсуз! Өзүңүздөн эч качан аябаңыз! Зыкымданып, ыйлап жатып араң алган буюмуңуз терс энергия берет. Акчаны канчалык кенен колдонсоңуз, акча артынан акча келет. Кайдан келгенин өзүңүз да байкабай каласыз. Экинчиден, эч качан акчаны бырыштырып чөнтөгүңүзгө ойду-келди салбаңыз! Акча тазалыкты, тыкандыкты сүйөт. Ар дайым акча сактаган кутучаңызга аяр мамиле кылыңыз жана бош калтырбаңыз. Үчүнчүдөн, эч качан бирөөнүн көзүнчө капчыгыңызды ачып, акчаларыңызды ачык санабаңыз. Жадагалса соода кылып жатканда да капчыгыңызда канча акчаңыз бар экенин башкаларга көргөзбөңүз. А түгүл кафе-ресторандан тамактангандан кийин акчаңызды эл көзүнчө алып чыгып тейлөөчүгө сунбаңыз. Психологияда бул туура эмес. Себеби сиздин канча акчаңыз бар экени сизге гана маалым болушу керек. Башкалардын сугу өтүшү же терс энергиясы тийиши толук мүмкүн.
- Бай сыяктуу ойлонуңуз…
Бай болуш үчүн эч убакта акчам жок деп ойлонбоңуз! Ойлор чындыкка айланаарын унутпаңыз. Жөн гана акчам жок калып баратат деген ойлоруңуз сизден акчаны алыстатат. Дайыма акчам жок деп кайталай берүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Ичиңизден: “Акчам бар, жашоомо кенен жетет, эртең дагы жакшы каражат табам, ишим алдыга жүрүшөт. Бүгүн аз акчага иштесем, эртең жакшы акчалуу ишке чакырышат” деген үмүт менен жашаңыз. Жашоо эч качан биз ойлогондой болбойт. Эртең кандай болоорун билбегенден кийин, эртең байып кетээрибизди да билбейбиз. Жакшы ой жарым ырыскыны чакырат. Ар дайым жакшы ойлонгонго аракет кылыңыз. Байча жашап, байча басып, байкушмун деген ойдон алыс болуңуз. Башкаларга акчаңыздын жок экенин эч качан айтпаңыз! Эч убакта эч кимге сырыңызды ачпаңыз!
- Сараңдыктан арылыңыз…
Сараң адам эч качан байыбайт. Сараң адамдар өзүнүн ичкен тамагынан да аяп, чогулткан акчасын бир эле күндө коротуп алышат. Адам эң оболу ден соолуктан эч нерсени аябаш керек. Бир күндүк түшкү тамакка акчаны аяп жебей коюп, бир жылдык ден соолугуңузга зыян алып келесиз! Акчаны качырган сараңдыктын эң негизги үлгүсү өзүңдөн аёо. Жөнөкөй гана мисал, чөнтөгүндө акчасы бар туруп, кара жаныңды карч уруп кар жаап, муз тоңуп, мөндүр төгүп жатса да таксиге түшпөй маршруттук таксини күтүп 2 саат көчөдө туруу. Муну менен сиз эч качан байып кетпейсиз. Качан гана өзүңүздү сыйлаганды үйрөнгөнүңүздө акча да агылып келе баштайт. Кайдан келип жатканын өзүңүз да сезбей каласыз. Маселен сизди кимдир бирөө жакшы ишке чакырышы мүмкүн. Жеке бизнес баштоо идеясы жаралып, демөөрчүгө жолугушуңуз мүмкүн. Айтор бардыгы өзүңүздөн көз каранды.
- Акча менен кубанып, жеңил коштошуңуз…
Сараң адамдар акча менен араңдан зорго, ыйлап жатып коштошушат. Капчыгындагы акчасы көзүнө укмуш көрүнүп, акыркы жолу акча кармап жаткандай кыйылышат. Бай болуунун эң жөнөкөй сыры – акча менен жеңил коштошууда. Кайсы гана нерсеге акча жумшабасын, бай адамдар ага эч качан кейибейт. Акчага терс энергиясын бербей, күлүп-жайнап коштошушат. Бай адамдар эч качан акчаны сандыкка салып сактап отурушпайт. Алар ишке жумшашат. Акча дайыма иштеп турушу керек. Иштетилген акча артынан көп акчаны алып келет. Кыскасы, акча эч убакта кутучада жатпай, тегеренип, иштеп турганы оң.
- Бай болуш үчүн акча табууну эмес, максат коюуну ойлонуңуз…
Кеп көп акча табууда эмес, максат коюуда. Эгер адам алдына кандайдыр бир максатты койсо, ошол максаты ишке ашып, өз жемишин бергенге чейин сабырдуулук менен аракет кылганы оң. Кайсы гана иш болбосун, баштай калса эле эбегейсиз зор сумманы алып келе калбайт. Иш калыптанганга чейинки 2-3 балким 4-5 жыл чымырканып чыдап, максаттан тайбаш керек. Бир жыл иштеп, иши жүрүшпөсө болбойт экен деп кол шилтегендер миллиарддап саналат. Андыктан байыш үчүн баарына чыдап, бирөөгө 5 жыл иштеп күнүмдүк оокат кылганына сүйүнүп жүрбөстөн, жеке ишке 5 жыл коротуп, өз жемишин көргөн артыгыраак дешет психологдор. Адамда каалоо болсо, ал өзү ойлоп көрбөгөндөй ийгиликтерди жаратууга күчү жетет. Иштеп жаткан иши менен кошо кошумча жеке иштерди алып кетүүгө сөзсүз убакыт табат жана ишке ашырат. Башкысы каалоонун күчтүү болгону көп ийгиликтерди алып келет. Байыгыңыз келеби? Жүрөгүңүз сүйгөн ишке майрамдагыдай жасанып, кубанып бара тургандай ишти жасаңыз!
Эч качан карыз болбоңуз…
Карыз көп алган адам психологиялык жактан жабыркап, карыз алуу оорусуна чалдыгат. Андай адамдар өмүр бою карызды төлөп жүрүп өтүп кетишет. Эч качан эч кимге карыз бербеңиз жана албаңыз! Акчаңыздын кайда чачылып, кайсы нерселерге короп жатканын эсептей жүрүңүз. Өзүңүздөн дайыма отчёт алып туруңуз. Бирок муну менен сараңдыкты алмаштырып албаңыз. Өзүңүзгө отчёт берүү өз кекиртегиңизден аёо эмес!
Оптимисттик ойлор менен жашаңыз…
Эң оболу китеп көп окуңуз. Ийгиликтүү адамдардын өмүр баяндарын изилдеңиз. Өзүңүзгө өзүңүз мотивация бериңиз. Мага ушул эле болот. “Эптеп эле бир үй салып алсам, эптеп-септен бир унаа алып алсам” деген ойлорду таптакыр акыл-эсиңизден чыгарып салыңыз. Эптеп жашагысы келген адамга кудай эптеген турмушту берет. “Кудайдан төө сурасаң, бээ берет” дейт. Андыктан көптү сурап, көп нерсени кыялданыңыз. Кыялдарга чектөө жок. Ал үчүн акча төлөөнүн кажети жок. Ошол себептен көп нерсени кыялданыңыз. Жаман ойлордон арылганда гана адам көп ийгиликтерди жарата алат. Эч качан пессимист болбоңуз! Адатта оптимисттер көп ийгиликтерди багындырышат.
Нуркыз Рыскул кызы
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ