Коррупцияны жеңиш үчүн милициянын башындагы генералдарды кетирип, ИИМдин башына кыздарды алып келиш керектигин мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов айтып чыкты. Бул тууралуу: “Башка өлкөлөрдү карасак, мисалы Украина, Грузия милициянын башына аял кишилерди коюшкан. Биз дагы ошондой кылышыбыз керек. Жарандык коомдо жана башка жерлерде кандай сонун кыздар бар. Жакында баңгизатын саткан офицер кармалды. Эгер аларды эле кайра кызматка коё берсек коррупция азайбайт. Ошондуктан милициянын башына кыздарды коюш керек», -деген акылын айтты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ