Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: «Пара алып жаткан жеринен кармалган адам Конституциялык палатага судья болуу үчүн бара жатат», – деп коңгуроо какты. Муну менен Клара айым Сотторду тандоо кеңешинен өтүп, президентке талапкерлиги жөнөтүлгөн Максат Шамиловдун Улуттук университеттин юридикалык институтунун директорунун орун басары болуп турганда пара алып жаткан жеринен кармалып, бирок Жогорку сот аркылуу акталып кеткенин эскертти. Пара алган сот мыйзамдарды тескеп, баарыбызга мыйзамдын күчүн көрсөтчү жерге барса жыргайт экенбиз. Деги кайсы жерге барып токтоор экенбиз?..
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ