Menu

Трамптын мурдагы кеңешчиси шайлоо боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Бөлүшүү:

Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Сэм Нанберг Орусиянын америкалык шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча көрсөтмө бербей турганын айтты. Бул тууралуу ал MSNBC телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Нанберг Дональд Трамптын мурдагы кеңшчилери Стив Бэннон жана Роджер Стоун менен болгон электрондук кат алышууларын кайра карап чыгуу үчүн 80 саат убактысын коротпой турганын белгиледи. Маекте Нанберг атайын прокурор Роберт Мюллердин көрсөтмө берүү чакыруусун “сандырак” деп атап, Трамп менен Орусиянын ортосундагы кутум тууралуу шектенүүлөрдү кескин четке какты.

Буга чейин Роберт Мюллер президент Дональд Трамп жана анын кеңешчилеринен 2015-жылдан берки каттарды жана документтерди сураган.

АКШнын атайын кызматтары “2016-жылы Орусия президенттик шайлоого аралашып, Трамптын атаандашы демократ Хиллари Клинтонго каршы аракеттенишкен” деген тыянакка келишкен. Февралдын ортосунда атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык 13 жаранга жана үч компанияга “АКШга каршы кутум” айыбын таккан.

Трамп анын шайлоо өнөктүгү менен Орусиянын эч кандай байланышы болбогонун айтып келатат. Орусия да шайлоо процессине кийлигишкенин четке кагууда.

Нанберг Трамп менен 2011-жылдан тарта иштешип баштаган. Бирок ал 2015-жылы августа шайлоо кампаниясынын активдүү фазасы башталган маалда жумуштан четтетилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: