Menu

Душанбе паркына өзбек акыны Алишер Навоинин ысымы ыйгарылат

Бөлүшүү:

“Жаштардын 50 жылдыгы” атындагы Душанбе паркы мындан ары өзбек акыны жана ойчулу Алишер Навоинин ысымын алат. Тажикстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, жаңы парк эки элдин достугунун символу болот.

Тиешелүү буйрукка 5-мартта кол коюлуп, шаар мэриясына паркка Алишер Навои менен анын досу жана устаты, тажик жазуучусу Абдурахмон Жоминин эстелигин тургузуу тапшырмасы берилди.

Бул арада 6-мартта Душанбеге «Made in Uzbekistan» өндүрүш товарларынын көргөзмөсүнө катышуу үчүн өзбек ишкерлеринин жоон тобу келди. Иш-чара Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин 9-мартка белгиленген мамлекеттик сапарынын алкагында өтөт.

Көргөзмөгө Өзбекстандын 400дөн ашуун өндүрүш компаниясы катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: