Menu

Төрага Дастанбек Жумабеков Розетта Айтматовага энчилүү кол саат белек кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков белгилүү коомдук ишмер Розетта Айтматовага энчилүү кол саат белек кылды.

Кыргызстанда өткөрүлгөн көптөгөн коомдук иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн Розетта Айтматовага ыраазычылык билдирген Төрага, жигердүү айымдардын арты менен өлкөдөгү бир катар социалдык-экономикалык маселелер чечилип жаткандыгын кошумчалады.

“Биз жүздөн ашык жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары катышкан “Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота” аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунда сиздин да пикириңизди укканыбызга кубанычтабыз. Учурдан пайдаланып, келе жаткан майрамыңыз менен куттуктайм жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм”, – деди Төрага.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: