Menu

Шумдугуң кургур: Кыздар бузулду

Бөлүшүү:

Бишкекте интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүп кардар тейлеген кыздар, аларды алдоо жолу менен иштетип акча тапкан эргулдар колго түшкөнүн милиция кабарлап турат. Мындай шумдуктуу жайдын Бишкекте өз ишин жүргүзүп келгенине көп болгон. Ал жай порно студия деп аталып, анда бир нече кыз жылаңачтанып алып эротикалык жана порнографиялык шоу көрсөтүшөт экен. Кыздар керектүү жабдыктары бар атайын бөлмөдө интернет аркылуу кардарлар менен маектешип, алардын талаптарын белгиленген суммадагы акчага аткарып келишкен. Иликтөөнүн натыйжасында ар түрдүү даректе жайгашкан эки батир аныкталып, студияда болжол менен 10-15 кыз иштеген. Аларды иштеткендер 1991-жылы Ош шаарында туулган эки жаран болгон. Милициядан кабарлашкандай, 2017-жылдын январь айында бул тармакта иштеген адамдар алдоо жолу ме­нен жашы жете элек кызды чет элдик жарандарга онлайн интим кызматын көрсөткөн студияда иштөөгө көндүрүшкөн. Алар кулактандыруу аркылуу жумуш издеген кызга чалышып, аны маектешүүгө чакырышкан. Бул боюнча жабыркаган кыз арыз жазган. “Мындан тышкары, батирлерде ар кайсы аймактардан келишкен, борбордогу окуу жайларда окуган 5 кыз болгон. Алар веб-камера аркылуу чет өлкөлүк кардарларга кызмат көрсөтүп жатышкан. Тинтүү учурунда 10 компьютер, 16 веб-камера, флеш-карта, сим-карта, интимдик оюнчуктар табылган.

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: