Бишек шаарынын Октябрь районундагы Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кудуктун (люк) ичинен европа түспөлүндөгү аялдын сөөгү табылды. Сөөктү куткаруучулар кечээ, 4- март күнү саат 05:43 чамасында алып чыгышкан. Көп өтпөй аялдын өздүгү такталган. Ал 1983-жылы туулган Р.Е.В. экени аныкталган. Учурда өлүмдүн себеби иликтенип жатат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ