Menu

Пайдалуу кеңеш: Компьютердик оюндардын балага таасири

Бөлүшүү:

Компьютердик оюндардын оң жактары. Ал балдарды төмөнкүлөргө үйрөтөт:

  • Бир нерсеге тез реакция жасаганга;
  • Тез кабыл алууга;
  • Адаттан тыш абалдан чыгууда аналитикалык ой жүгүртүүгө;
  • Өз максатына жетүүгө.

Компьютердик оюндардын терс жактары:

Психологиялык таасири Чыныгы жашоодо көп маселелерге кабылган балага компьютердик оюндардын психологиялык жактан тийгизген таасири чоң болот. Мисалы: балада теңтуштары же ата-энеси менен маселе жаралса, ал чыныгы жашоодогу бул маселелерин виртуалдык дүйнөгө жашыргысы келет. Натыйжада компьютердик оюндар менен өтө көп алектенген бала өзүмчүл жана текебер болуп чоңоет.

Физиологиялык таасирлери:

  • Көздүн көрүүсү Экрандын маңдайында көпкө отуруу биринчи кезекте көздүн көрүүсүнө терс таасирин тийгизет. Тактап айтканда көздүн булчуңдарына күч келтирет, көздү кызартып, кургатат. Анткени бала ойноп жатканда оюндун маанилүү учурларын өткөрүп жибербейин деп, көзүн аз ирмейт.
  • Кол Көп убакыт компьютерде отурган баланын колдору бирдей эле механикалык кыймылга көнүп калат. Бул болсо бара-бара билектин муундарынын бузулушуна алып келет. Демек келечекте бул баланын колу бат чарчап, билеги өнөкөт ооруга чалдыгат.

Тамак сиңирүү органдары Компьютерге алаксыган бала шашып тамактанат. Анысы аз келгенсип, өз убагында тамактанбайт. Муну менен бала өзүнө ашказан-ичеги ооруларын арттырып жатканын убагында сезбейт.

  • Омуртка Компьютерде көп отуруу баланын өсүп келаткан омурткаларынын кыйшаюусуна алып келет.
  • Баш оору Компьютер оюндары баладан өзгөчө көңүл коюуну талап кылат. Бул нерсе улам кайталана бергенде нервдерге күч келип, баш оору келип чыгат. Эң жаманы – мындан өнөкөт баш оору пайда болушу мүмкүн.

 Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: