Menu

Талас шаарында «Республика – Ата Журт» фракциясынын коомдук кабылдамасы ачылды

Бөлүшүү:

3- мартта «Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын Талас шаарындагы коомдук кабылдамасынын ачылышы болду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, «Республика – Ата Журт» фракциясынын Талас шаардык кеңешинин депуттары жана шаардын тургундары катышты.

Өз сөзүндө депутат Кенжебек Бокоев коомдук кабылдаманын максаттары жана алдыга коюлган иш-пландарына токтолду. Ошондой эле «Республика – Ата Журт» фракциясынын Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди.

Ал эми Талас шаарынын тургундары жолдорду оңдоо, таштанды урналардын жетишсиздиги жана шаардык базардагы соода түйүнүн ээлери жана  муниципалитет менен менчик укугу сыяктуу шаардагы көйгөйлүү делген маселелерди тизмектешти. Алардын чечилишине Жогорку Кеңештин депутаттарынын көмөктөшүүсүн суранышты.

Айрым маселелер боюнча Талас шаардык кеңештин депутаттары мэрия тарабынан жакынкы аралыкта көрүлө турган чаралар тууралуу маалымат беришти. Дагы бир катар маселелер боюнча муниципалитет менен бирдикте талкуулап, жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча  маалымат бермей болушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: