Menu

Сирияда орусиялык Ан-26 учагы кыйрап, 39 киши мерт болду

Бөлүшүү:

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Хмеймим аэродромунда кыйраган учакта 39 киши бар болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Азырынча Коргоо министрлиги курман болгондордун аты-жөнүн жана аскердик наамдарын жарыялай элек. Mash телеграм-каналынын маалыматы боюнча, Ан-26 Орусиянын аскерий аба күчтөрүнө таандык болгон жана Алепподон Хмеймим базасына бараткан.

«Такталган маалыматтар боюнча, Хмеймим аэродромуна конуп жаткан маалда кыйраган транспорттук Ан-26 учагынын ичинде 33 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон”, – деп билдиришти министрликтен.

Мекемеден ошондой эле учактагылардын бардыгы орусиялык аскер кызматкерлери болгонун кошумчалашты.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети учактын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган.

Февраль айынын башында Идлиб провинциясында орусиялык Су-25 аскер учагы атып түшүрүлүп, учкуч Роман Филипов курман болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: