Menu

Кыргызгидромет: Шашылыш билдирүү: 7-марттан 9-мартка чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт!

Бөлүшүү:

2018-жылдын 6-мартынан 8-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

7-9-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. 8-мартта түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. 8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

7-9-мартта Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 8-мартта түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. 8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

7-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 9-мартта кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: