Menu

Топчубек Тургуналиев: “Коррупционер коррупцияга каршы күрөшчү беле?”

Бөлүшүү:

– Сооронбай Жээнбеков таза иштеген азчылык менен гана калды. Мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары кор­рупцияга белчесинен батты. Жогорку сотто отургандардын көбү шылуундукка, уурулукка малынып калган.

Булардын баары миң баштуу ажыдаар болуп кетти. Жээнбеков өзү жалгыз ал коррупционерлерди тукум курут кыла албайт. Коррупцияга каршы улуттук кыймыл бардык аймактарда уланышы керек,- деди Ак үйдүн алдында “коррупцияга каршы” урааны менен өткөн нааразычылык акциясына катышкан коомдук ишмер Тургуналиев.

“Президент сураса ырсайып күлүп “үч тамганын” башчысы эң алдыда отурду го ошол жыйында. Жанагы мен абдан “жакшы” көргөн коопсуздук комитет деген бар го, мурдагы КГБ. Мына ошолордун баары, анын айлана тегерегиндегилер коррупцияга бел­чесинен эмес, төбө чачына чейин батып калгандар. Албетте алар тоскоол болуп жатат да тымызындан. Алар эч качан айтпайт да мен каршымын деп. Алар Сооронбай Жээнбековго айтып жатат “мен да күрөшөм” деп. Корруп­ционер коррупцияга каршы күрөшчү беле?- деди Топчубек Тургуналиев.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: