Menu

Атамбаевдин абийирин ачууга Отунбаева чындап кириштиби?

Бөлүшүү:

Тактан түшсө да аттан түшө элек экс-президент А.Атамбаевдин партиялык- кландык башкаруусу өлкөнү өргө эмес, көргө сүйрөп бараткандыгын сезе баштаганбы же башка билгени барбы, айтор өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева Кыргызстанда азыркы башкаруучу КСДП партиясына атаандаш боло турган күч түзүү зарылдыгын айтып чыкты. Аял болсо да мүнөзү шар, “эркекче” сүйлөгөн апчебиз саясатчылардын, оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти сындаган жыйын-талкуулары ураандар менен чектелбестен, 5-6 жылдан кийин күчтүү платформага айлануучу өзунчө саясий күчкө биригиши керектигин баса белгиледи. “Саясий атаандаштык бүгүн жокко эсе. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин кылып жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. 2020-жылга карата кубаттуу саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышырыш” керек. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келишибиз зарыл”,- деди Отунбаева маселени кабыргасынан коюп. Албетте, апченин бул демилгесин көпчүлүгүбүз эле колдойбуз деңизчи. Бирок бир кезде ал өзү А.Атамбаев менен колтукташып, ошол учурдагы бийликке оппозиция болуп жүрүп КСДПны түптөп, лидерликке азыр каршы чыгып аткан адамды алып келүүгө үлкөн салым кошподу беле. Эми кимди сүрөйт болду экен?

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: