Menu

АКШ өкмөтү “Биргелешкен коопсуздук жана кылмыштуулукту алдын алуу саясаты” Улуттук конференциясын колдойт

Бөлүшүү:

Бишкек, Кыргыз Республикасы: АКШнын Кыргыз республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер  бейшемби 2-март күнү “Биргелешкен  коопсуздук жана кылмыштуулукту алдын алуу саясаты” эки күндүк конференцияда жыйынтыктоочу билдирүүсү менен кайрылды. Конференция АКШ Мамлекеттик депатаментинин Баңги заттарды  көзөмөлдөө жана укук тартипти коргоо боюнча бюросу (INL) колдоосу менен Бириккен улуттар уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) жана Saferworld коомдук уюму тарабынан уюштурулган.

Өзүнүн билдирүүсүндө Мельтцер мырза: «Биз Кыргызстандын расмийлери, эл аралык уюмдар жана жарандык коом өкүлдөрү менен бул тармактагы алдыңкы тажрыйбаны өркүндөтүү үчүн кызматташып келебиз, анткени, коом бирге аракет кылганда күчтүү болот, жана тартип коргоо органдары коомчулук менен тыгыз байланышта болгондо мыкты иштешет. Коомчулук менен милициянын коомдук шериктештигинин туруктуу ийгилиги Кыргызстандын бардык элинин коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатуу ишине Кыргыз Республикасы жана Кошмо Штаттары канчалык ынтызар экенинен кабар берет,» – деп белгиледи.

2013-жылдан бери Кошмо Штаттары болжол менен 3,5 миллион долларды коомдук тартипти улуттук жана жергиликтүү деңгээлде коргоо иштерин колдоого багыттаган.

Иш чарага Кыргыз республикасынын премьер-министри Сапар Исаков, өкмөт жана Жогорку кеңеш мүчөлөрү, тартип коргоо органдарынын, бей өкмөт уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: