2018-жылдын 6-март күнү Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын мырзалары 8-март –Аялдардын эл аралык күнүнө карата башкармалыктын бардык район-шаарларында эмгектенген айымдарды чогултуп, майрамдык кече өткөрүштү. Кеченин алкагында айымдар КР ӨКМнин жана КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ардак грамоталары, грамоталары, алкыштары ошондой эле, баалуу белектери менен сыйланышты.
Кечеге катышкан айымдар мындай иш-чара облуста 1-жолу болуп жаткандыгын айтып, жигиттерге ыраазычылыктарын билдиришти жана мындан ары да ынтымак жана биримдик үчүн ушундай саамалыктарды уюштуруп турууну сунушташты.
Аскер кызматчылары менен тең тайлаша иштешкен ӨКМдин айымдары өрт, сел, суу ташкыны, жер көчкү, кар көчкү сыяктуу өзгөчө кырдаал катталлган аймактарда облуста 50 гө жакын аялзаты иштейт.
Андан сырткары, ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгында жана Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө иштеп жаткан мырзалардын аялдарын үйүнө барып, куттуктап келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ