Menu

Искендербектин айтканында “данек” жок

Бөлүшүү:

Камакта жаткан саясатчыларды ар кандай айла-амалдар менен “актоого” аракет көрүлүп жатканы ырас. Ал тургай өлкөнү басып алууга карата жасалган айыптары үчүн кесилген “төңкөрүшчүлөрдү” жөнү жок жерден камап салышты деп сотторго акылдуу көрүнгүсү келген эпчилдер болгонун тана деле албайбыз. Баарын кыйратып койгонсуган Сапар Аргынбаев деген “жактоочу” тигилердин “акырын” тазалоодон түк айныбас болду. Мунун деле жашыруун сыры жок. Болгону өзүнүн жегенин акташы зарыл эмеспи? Антип оокатын кылбаса ичи курулдай баштайт боштугунан. Курсак тойгузуунун башка жолун таба албаса ушинтүүгө аргасыз болот да?

Ал эми өзгөчө “статуска” ээ болгон Өмүрбек Текебаевге “буту узундар” тынымсыз эле кирип, чыгып жатышат. Күч түзүмдөрү жашыл жарык берчү жерден “тормузун” тепкен жок. Башында жыгач генерал Феликс Кулов ага жолугуп таасирдүү кеңешин айтып чыккан. Андан кийин Роза Отунбаева ашын булоолонтуп көтөрүп кирип чыкты. Күзөттөгүлөр ар бир күрүчтүү аңтарып, муздатып коюшту деп апчебиз нааразы болгондой түр көрсөттү чыккандан кийин. Арийне, лидердин мандатына татыктуу болгон Искендербек Гаипкуловдун кеби абдан “данектүү” болду окшойт. Көрсө Өмүкең башкаларга айтпаган таттуу кебин ушул кишиге шыбыраптыр. “Бийликтин туура иштерин колдогула”-дегенин дегеле оозун толтуруп айтып түгөтө албайт десең.

Былтыр эле камала электе өкмөт башчы болуп турган Сооронбай Жээнбековго ызырына сөөмөй кезеп; -“Сен Атамбаевдин көлөкөсү эле бойдон каласың, эч нерсени кыйрата албайсың”-деп тыңсынган эле. Оңунан болуп сын таккан киши азыр Кудайдын амири, элдин колдоосу менен президент болуп отурат. Ошондо капталдан тиштеп мактанган киши караңгы жерде күркүрөгөн кези. Демек, бийликтин жакшы жагын колдогула деген сөздү Искендербек өзү эле токуп салгандай. Митаам киши ушинтсек ажо кумирин бошотуп жиберет деп “узун” ойго баткан өңдүү. Эч убакта Текебаевдин көөнү азыркы бийлик башчыларына агарбайт. Муну бештеги бала деле аңдап түшүнүүгө жарайт.

Булак: Ачык сөз 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: