Menu

Бөрк ал десе, баш алгандар…

Бөлүшүү:

Маалымат булактары бүгүн болбогондой тез өнүгүп, кааласаң бир адамды элге жексур көрсөтүп, кааласаң көкөлөтө чаап, ашыра мактап асманга жеткиргендер көбөйдү. Ошондой кашык кеби элге өтпөгөн, бирок айрым мыйыгынан жылмая “Кана колуңдан эмне келет эле?” деп зор тоону аңтаргансып менменсине кердейгендер кайдан жол табаарын билбей кара пиар уюштурганга өтүштү.

Айтайын дегеним, жакында эле, коомчулукта кызуу талкуу жараткан ИИМ министринин орун басары, генерал Сүйүн Өмүрзаков жөнүндө маалыматтар таркады. Ошентсе да, элдин уулу Сүйүн агабыз (ага дегенге татыктуу) өз кебинде мындай ушактардын, жалаалардын сындыра албастыгын, эл үчүн, Мекен үчүн кан-жан аябай кызмат кыла берүүсүн билдирди. Качан болсо жакшы иштердин башатында, мейли кылмыштуулук менен күрөшүү болобу, мейли спорт жааты болобу өзүнүн акыбеттүү иш-аракетин көрсөткөн эл уулунун ишин эл билет! Кайда болбосун, элдин батасы аркалап, эл сөзүн сүйлөгөн адамга душмандар ошончо чыгат экен да… Бирок, мындай эл ичине кеби сиңбеген, жамгырдан кийин кургап калган чөптөй куурап жок болгон сөз ашуу ашып, суу кечпей калды…

Анын иниси Улукбек Өмүрзаков кыргыз спортун алга сүрөп, кыргыз желегин ааламга желбиретти. Бир эле жыл ичинде Азия чемпионатын өткөрүп, “Мухаммед-Умардын” жигиттерин болбогондой ийгиликке жеткизгенин ким таңа алат?!! Албетте, эч ким тана албайт! Анын ким менен жолугушканы, кайда отурганы ушунчалык кызык болуп, аңдып, кылтак иле албай жаткандар, жакшы ишин, кызматын даңазалап, таразага салып, кайсы жакта салмак оор болгонун аңдап койсо жакшы болмок!

Не дейбиз, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле, “Ак ийилет, бирок сынбайт”. Эл уулу эл менен, калк менен боло берет демекчимин!!!

Б.Байтикова, Ош шаары

Булак: Ачык сөз 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: