Menu

Абдиламит Матисаковго ТҮРКСОЙ сыйлыгы ыйгарылды!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз адабиятынын абройлуу ысымдарынын бири, таланттуу жазуучу, улуттук журналистиканын мектебин түзгөн легендарлуу редактор Абдиламит Матисаковго жакында ТҮРКСОЙдун сыйлыгы ыйгарылды.

Абдиламит Мурзаевич кыргыз адабияты менен журналистикасына өмүрүн арнап келе жаткан инсан. “Тандыр”, “Ак коргон”, “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүңдөй”, “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу китептердин автору. Калың күйөрмандарды күттүргөн жаңы китеби жарык көрүү алдында турат. Орус тилинде “Сказание о Суйменкуле” аттуу китеби жарык көргөн. Анын калеми окурмандын жүрөгүнө жугумдуулугу, нукуралыгы, табигыйлыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Чыгармалары башкаларга окшобогон өз изи, философиясы, идеяларынын актуалдуулугу менен коомчулук арасында кеңири резонанс жараткан. Бул тууралуу дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун берген баасында: “Абдиламит Матисаков сөз багуу деген өнөрдү, мындайча айтканда, “жаратылыштын бир адам аркылуу бүткүл адамзатка жиберген белегин” баркынан түшүрбөй, тузунан кемитпей бийик даража менен алып келатканы мени кубандырат” деп айтканы кандай бийик сөз.

Ал эми журналистикада 30 жылдан ашуун эмгектенип, мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап келди. “Ленинчил Жаш” гезитинде жооптуу катчы, КР Журналисттер союзунун башкармасынын биринчи орун басары, КР Президентинин аппаратында басма сөз кызматынын бөлүм башчысы, КТРКнын президенти, “Кыргыз Туусу” гезитинде эки ирет башкы редактор болгон. Учурда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору, жаш журналисттерди мүнүшкөрдөй таптап уядан учурууда.

Адабиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙдун эл аралык абройлуу сыйлыгынын ыйгарылышын куттуктайбыз! Сыйлык кут болсун Абдиламит Мурзаевич!

Бактыгүл Чотурова

P.S. «Ачык сөз» гезитинин жамааты дагы Абдыкени сыйлыгы менен ак жүрөктөн куттуктайт. Ошону менен бирге капыл-тапыл келип калган өздүк майрамы ооматтуу болушун тилейт.

Булак: Ачык сөз 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: