Menu

Элдик көзөмөл кызматы керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. ЖЭЭНБЕКОВго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биздин кайрылуубузга Сиздин ушул жылдын февраль айындагы Коопсуздук кеңешиндеги сүйлөгөн сөзүңүз олуттуу түрткү жана негиз болду. Кыргыз мамлекетиндеги болуп жаткан экономикалык-саясий орчундуу окуялар боюнча жасаган баяндамаңыз Сиздин биз ойлогондон да жогорку деңгээлдеги дасыккан, тажрыйбалуу, эки замандын (совет доору, демократия доору) тең күрөө тамырын кармап келген, президенттик кызматка татыктуу инсан экениңизди дагы бир ирет далилдеди.

Айрыкча Сиз баса белгилеген коррупцияга каршы күрөшүүчү органдардын (милиция, прокуратура жана сот) башчыларынан баштап катардагы кызматкерлеринин көбү өздөрү баш оту менен коррупцияга малынганын так, даана айтып өттүңүз. Жер-жерлердеги (район, шаар жана облустардагы) бул органдарда иштеген кызматкерлердин чет элдик кымбат баалуу автоунааларды чалкалай айдап, Европа үлгүсүндөгү кабат-кабат үйлөрдү салып жатканы алардын алган айлыктары менен бул «экономикалык ийгиликтерге» жетиши чындыкка дал келбей, ар бир акыл-эстүү адамдын кыжырына катуу тийип келатат. Андай жергиликтүү коррупционерлерди жазалоо багытында кайда арызданбагын майнап чыкпайт, себеби аларды борбордогу «крышалары» коргоп, колдоп турат.

Бажы менен салык кызматкерлериндеги коррупциялык түйүндөрдү (схеманы) мамлекеттик эч бир кызматкер ашкере кыла албасын Сиз жакшы билесиз. Акыйкат издеп, айласы куруган жарандарга райондук, шаардык деңгээлде бирин-экин «укук коргоочулар» тийип-качып көмөк көрсөтпөсө, мамлекет тарабынан колдоо дээрлик жокко эсе болуп келди. Кыргыз мамлекетинде чет элдик органдардан каржыланган бир катар коомдук уюмдардын коррупциядан жапа чеккендерге таптакыр жардамы жок (А. Абдрасулова, Т. Исмаилова ж. б.). Акча берген кожоюнунун кызыкчылыгын гана ойлоп, ошолордун сөзүн тоту кушча сүйлөгөн буга окшогон уюмдарды Орусия баш болгон кээ бир өлкөлөр таптакыр жаап салганы эң туура болгон деп эсептейбиз. Мындай жалган демократиялык уюмдардын жасаган иштеринде пайдасына караганда бизге зыяны көп экенин жалпы элибиз алда качан аңдап, билип калбадыбы.

Сиз коопсуздук кеңешиндеги айткан «мамлекетибизди муунтуп жаткан» коррупцияга каршы күрөштө акыйкатты сүйгөн өз элиңизге таянасыз деп ишенебиз. Өзүңүз баса белгилегендей, ушул тапта иштеп жатышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бир даары дал ошол коррупцияга өздөрү белчесинен батып калышкан. Сиз чечкиндүүлүк менен андай таза эмес кызматкерлерди майлуу-сүттүү орундарынан четтетип, аларга катуу чараларды көрөсүз деп ишенебиз.

Дагы бир маселени — ​мамлекеттик кызматкерлердин алган айлык маянасы менен чыгымын текшерүү иштерин, декларация маселесин колго алуу жагын эң туура белгиледиңиз. Чынында, кафе-ресторандардын, соода маркеттеринин, базарлардын ээлеринин 80–85 пайызы мамлекеттик кызматкерлер менен ЖКнын мурдагы жана азыркы депутаттары. Калган 10–15 пайызын гана Орусияда суукка тоңуп, жанды тобокелге салып, ден соолугунан ажырап иштеп жүргөн мекендештерибиз түзөөрүн Сиз жакшы билесиз.

Башкы мыйзамыбызда бийликтин булагы эл экендиги көрсөтүлгөнү менен элибиз бул укугунан дээрлик ажырап, бир гана шайлоо укугу менен чектелип калган. Мурдагы Союздун убагында жооптуу кызматкерлердин, жетекчилердин (колхоз башкармасынын төрагасынын, совхоздун директорунун, керек болсо шаар жана райаткомдордун төрагаларынын, партиянын шаар жана райкомдорунун катчыларынын) жүрүм-турумун элдин атынан «элдик көзөмөл» кызматкерлери текшерип, көзөмөлгө алып турган. Биздин оюбузча, коррупцияга каршы күрөшүүдө элдин атынан сүйлөөчү «элдик көзөмөл кызматы» натыйжалуу жардам берер эле.

Ал кызматка мурдагыдай эле ар бир айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги чогулуштарда эл тарабынан тандалган татыктуу кадрлар коюлса жана райондо жалпы комитет түзүлүп, бюджеттин эсебинен кармалса. Бир райондогу «элдик көзөмөл кызматынын» өкүлдөрү ондогон демократ жана укук коргоочу уюмдардан алда канча майнаптуу иштешмек деп ойлойбуз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Коррупционерлер менен күрөшүүгө саясий эркиңиздин жете тургандыгын баса белгилеп, элибиздин Сизге болгон ишенимин арттырдыңыз. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дейт акылман элибиз. Андыктан алдыдагы өтө жооптуу жана татаал милдеттерди аткарууда эл тарабынан айтылган баалуу сунуштар, керектүү ой-пикирлер, калкыбыздын чын ыклас менен колдоосу Сизге олуттуу жардам берет деп ишенебиз.

Сизди терең урматтап:

Эмгек ардагерлери:

Сейдалы ЖАНАЛИЕВ,

Анарбек ЭШАЛИЕВ,

Кеңеш ТУРГУНБАЕВ,

Жумабек АБДЫЛЛАЕВ,

Бектурсун КАЛМАНОВ ж. б.

Жалал-Абад шаары.

Булак: Ачык сөз 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: