Menu

Алдыңкы мектеп, жеңүүчү педагог

Бөлүшүү:

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин берген маалыматына караганда Т. Кулатов айыл аймагынан орун алган Тилебалды Айбашев атындагы орто мектеп райондогу гана эмес, облустагы алдыңкы мектептердин бири. Мектептин материалдык-техникалык базасы чың, анын педагогикалык жамааты ынтымактуу. Кийинки жылдарда жаралган ийгиликтердин башкы себеби да мына ошондо турат. Анын натыйжасында окуучулардын билим деңгэли башкаларга салыштырмалуу бир топ алдыда. Мектептин социалдык педагогу, жаран таануу мугалими Чынара Нурманова республикада 1-орунга чыгып, жөндөмдүү, чыгармачыл, изденгич мугалим катары райондун гана эмес, Ош облусунун сыймыгы болуп калды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинеттин башчысы Бактияр Эркебаевдин айтуусунда республика боюнча алдыга чыккан 10 мугалимдин ичинен Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин мугалими Абдубапова Айжан — ​508, Бишкек шаарындагы Silk Road international School мектебинин мугалими Борец Екатерина‑453, Ош шаарындагы «Сема» мектеп-лицейинин мугалими Жакыпбаева Дамира‑415, андан кийин Чынара Нурманова 399 балл алган. Калган алтоо 380–398ге чейин упай топтошкон. Биз жакында ушул билим уясында болуп, анда жаралып жаткан ийгиликтер менен таанышып, анын себептерин иликтеп кайттык.

Мектеп директору Замира Нурдинова өз сөзүн мектептин имараты 1963-жылы курулгандыгын, ошол себептен аны ремонттоого жыл сайын көп каражатты талап кылаары тууралуу айтып, мектеп жамааты Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ыраазы экендигин билдирди. Анткени, аймактын жетекчилиги 2014-жылы мектептин чатырын жаптыруу, андан кийин ашкананы ремонттон чыгаруу, аны жабдуу, керектүү эмеректер менен камсыздоо, бир катар класстардагы стол, стул, шкафтарды жаңылоо багытында иштерди жасап жатат.

— Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында биз сыймыктанган чыгаан уул-кыздарыбыз бар, — ​деп ал кайра сөзүн улантты -алар өздөрү бүтүрүп кеткен билим уясына колдон келген жардамын аяшпайт. Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мавлянова Махабат жыл сайын эң жакшы окуган окуучуларга кызыктыруучу стипендияларды берип, информатика сабагына окуучуларды кызыктыруу үчүн компьютерлерди белек катары тартуулады. Ошондой эле мектептин ысмын алып жүргөн Тилебалды Айбашевдин небереси Айбашев Нурбек мугалимдерге компьютер, ырга шыктуу, жөндөмдүү окуучуларга комуз сатып берди. Башка бүтүрүүчүлөр мектептин алдына брусчатка жаткыруу, стадионду тосмо менен тосуу жумуштарын бүтүрүп беришти.

Учурдан пайдаланып, мындай аракеттердин натыйжасында азыркы учурда мектепте 1 интерактивдүү доска, 2 проэктор, 8 телевизор, 11 компьютер бар экендигин айтып кетүү зарыл.

Биздин мектепте иштеп жаткан педагогдордун баарын өз ишине берилген, ынтымак-ырашкерликти туу туткан адистер деп айтсам болот. Кийинки жылдарда окуу-тарбия жаатында жаралган ийгиликтердин башкы себеби да мына ошондо. Мактангандай болбойлу, окуучуларыбыздын билим деңгэли башкаларга салыштырмалуу бир топ алдыда. Биздин бир топ окуучуларыбыз райондук, областтык жана республикалык деңгээлдеги предметтик олимпиадаларга катышып, жыл сайын жакшы ийгиликтерге жетишип жатышат. Алсак, 2014-жылдын 11-класстын окуучусу А. Зикирова орус тил сабагынан облуста биринчи, республикада 4-орунду алган. 2015-жылы 9-класстын окуучусу К. Каримов илим-техника боюнча облуста 2-орунга жеткен. 2015–2016-окуу жылы башталгыч класстын окуучулары С. Жолдошова, Кубанычбек кызы Эленура райондо 1-орунду алып кайтышкан. 2016-жылы 9-класстын окуучусу Курсанали кызы Элнура химия сабагы боюнча облуста 2-орунга чыккан.

Биздин мектеп ичинде “Жылдын мыкты мугалими” конкурсун өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Анын жыйынтыгы менен мугалимдер райондук конкурстарга үзбөй катышып турушат. Алсак, 2011, 2012, 2015—жылдары башталгыч класстар мугалими Д. Муртазаева, чет тили мугалимдери З. Исмаилова, А. Калилова райондо 1-орунду алышкан.

2017-жыл биз үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Мектептин социалдык педагогу, жаран таануу мугалими Чынара Нурманова облуста биринчи орунду жеңип алып, республикалык конкурска жолдомо алды. Ал жерде республикадагы эң мыкты 10 мугалимдин тобуна кошулуп, 1-орунга чыкты. Анын натыйжасында ал көптөгөн грамота, дипломдорго ээ болуп, Кыргыз республикасынын “эл агартуу мыктысы” деген наам алды. Эң жакшысы, Чынаранын өзүн сөзгө тартсак туура болчудай.

Чынара Нурманова:

— Калыстар тобу республикалык конкурска катышкан мектеп мугалимдеринин жана балдар бакчаларынын тарбиячылардын портфолиосун, өткөргөн ачык сабактарынын жугумдуулугун, ошондой эле кыргызстандыктардын АКИpress маалымат агенттигинин «Билим» сайты аркылуу 4-октябрга чейин берилген добуштун санын эске алды. Ошол күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгүн баса белгилеп, бизди кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчы «Мугалимдерин жашоосуна жакшы шарт түзүү, алардын көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттин жана коомдун башкы милдеттеринин бири. Дал ушул сиздердин эмгегиңиздердин арты менен коомдо татыктуу жаштарды даярдап, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошо турган чыныгы атуулдарды өстүрүүгө болот. Ошондуктан сиздердин тажрыйбаңыздар, балдарды билимге кызыктыра турган талантыңыздар биздин мамлекет үчүн абдан керек», — ​деп, биздин дарегибизге абдан жылуу сөз айтты.

Премьер-министр Сапар Исаков алдыңкы мугалимдерге сыйлыктарды өз колу менен тапшырды. Ачыгын айтсак, баарыбыз абдан толкундандык.

Сыйлык, наам кимди болбосун ишке болгон жоопкерчилигин ого бетер күчөтөт тура. Жакында мектептин жетекчилиги жана жамааты мени окуу бөлүмүнүн башчылыгына сунушташты. Бул ишенимди актоо үчүн жалпы жамааттын колдоосуна таянып жатам.

Ачыгын айтсам, азыркы балдарды таң калтыруу өтө кыйын. Себеби, алар мурдагы муунга салыштырмалуу илим, техника өнүккөн заманда жашап жатышат. Мугалим айта турган жанылыктарды алар интернеттен же болбосо социалдык тармактардан бизден мурун кабардар болушат. Ошондуктан, азыркы замандын педагогдоруна коюлган талап абдан жогору. Ш. Мусаева, Б. Арыкова, Т. Зикираева, У. Жусупова, Р. Таштемирова, Ж. Сайпидинова Г. Шукурбекова, М. Мадалиева жана Л. Ураимова сыяктуу тажрыйбалуу эжелерибиз «биз, мугалимдер көп изденип, көп окушубуз зарыл» девизин катуу кармашат.

Өкмөттүн «Жаңы доорго-кырк кадам» программасында илим жана билим берүүгө багытталган үч негизги кадам бар эмеспи. Эгерде биз педагогдор ушул талапты аткарсак, биздин өлкөбүздө сөзсүз өнүгүү болот. Азыркы учурда мектеп эмгек рыногунда суроо-талапты жараткан кесиптердин муктаждыгын камсыз кылуучу адистерди даярдоого көңүл буруусу зарыл.

Сөзүмдүн жыйынтыгында окурмандар менен баарыбызды түйшөлткөн ойлорду да ортого салууну ылайык көрүп турам.

Ууз сезимдеги бала ишенчээк болот эмеспи. Анын коомдогу терс жактарга бурулуп кетпестиги үчүн ата-энелер жана биз мугалимдер биргеликте аракет кылышыбыз керек. Себеби, бае дүйнө балдарды азгырган терроризм, экстремизм, кылмыштуулук коомчулукту кыжаалатка салып жатпайбы! Коомдо жугумдуу идеологиянын жоктугунан ачык айтыш керек, кийинки учурда дин негедир радикалдашып бараткандай… Мени ошол бош калган вакуумду башка секторлор ээлеп алгандыгы өтө тынчсыздандырат. Ошондуктан биз педагогдор өз өлкөбүздүн билимдүү жараны катары коомдо болуп жаткан мындай көрүнүшкө кайдыгер мамиле жасабашыбыз керек. Ал бир мугалим өзүнө «мен кылбасам ким кылат, азыр болбосо, качан?» деген суроону коюп эмгектенсе, жогоркудай терс көрүнүштөргө бөгөт коюлат.

Дүйнө жакшы адамдар бар үчүн сакталып турат. Педагогдор алардын алдыңкы сабында турган, урмат-сыйлуу калк эмеспи. Эл арасындагы «Таазим сага, мугалим!» деген сөз бекеринен айтылган эместир.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ноокат району.

Булак: Ачык сөз 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: