Коррупцияга каршы катуу күрөштү баштаган президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, тиешелүү тапшырмаларды берип, сөз соңу бүтүп калганда күтүүсүз көрүнүш жаралыптыр. Эл астында сурдана көрүнгөн Индира айым шолоктоп ыйлап, кагаздарын чала-була чогултуп, кабинеттен чыгып кетет. Жүрөгү назик Соке кырдаалга түшүнбөй, кыжалаттана жардамчысын чакырып, «билчи, эмнеге ыйлап кетти?» дептир. Андан соң гана баары түшүнүктүү болуп атпайбы… Көрсө, Жээнбеков башкы прокурор менен иш маселеси аркылуу сүйлөшкөнү, ырааттуу тапшырмаларды бергени, «башкача чектен ашпаганы» үчүн Жолдубаеваны эреркетип, жолго салыптыр да. Ал сүйүнүчтүн ыйы экен. Бүгүнкү күндө Индира айым «мен Сооронбай Шариповичтин командасы болуп берем» деп айтып, ынандырып атканы дагы эмнени каңкуулайт?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ