Menu

Шарип аксакалдын кайсы уулу атага тең жана артык болорун эл бааласын

Бөлүшүү:

Башында Асылбек Жээнбековду канкор Жаныш Бакиевге салыштырышып, агасынын ишине кийлигише турганын болжошкон эле. Бирок, каарманыбыз көпчүлүк күткөндөй эмес, өзүнүн парламенттеги иши менен гана алек болгону, интригалардан оолак кеткени менен душмандардын тилектерин таш каптырды. Албетте, акыл көрөңгөсү терең, харизмалуу Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште бир тууганына караан болот дечи, а түпкүлгүндө жөнү жок майда-барат иштерине кийлигишпей турга­нын айланасындагы чабармандар айтышууда. Көрсө, раматылык Шарип аксакал кеменгер инсан экен да, балдарын таза, ак жүрүүгө тарбиялап, убактылуу байлык, дөөгүрсүгөн мансап үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылууга чүрпөлөрүн шыктандырып, аныгында, ошол тарбиянын натыйжасында Жусуп, Сооронбай, Асылбектин атагы чыгып, кыргыз элине кызмат кылып атышканы факт. Эгерде атанын өзөгү болсо, тарбиясы балдарына жукса, ошондо гана атага тең жана артык уулдар мекенине кызмат кылат тура. Эл тараза, калганына көпчүлүк сынчы болсун…

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: