Menu

Жооптуу кесипти аркалагандар

Бөлүшүү:

Өрт-айттырбай келет

Жооптуу кесипти аркалагандар

Акыркы убакта өлкөдө өрт коопсуздугу катуу күч алып, бир сутканын ичинде 30га жакын өрт кырсыгы катталууда. Кырсыктын кесепетинен канчалаган турак жайлар жараксыз абалга келип, атүгүл адам өмүрүн алып кеткен учурлар кездешпей койгон жок. Өрт тилсиз жоо деп бекер айтылбаса керек.

Андыктан өрт кай жерде жана качан чыгып кетээри баарыбызга эле белгисиз. Ал эми ошол жалындап күйгөн отту өчүргөн биздин эр-жүрөк өрт өчүрүү кызматкерлери. Алар коңгуроо чалуу түшкөн жерге ыкчам жетип, өрттү өз убагында өчүрүүгө болгон аракетин жумшайт. Бирок көп учурда өрт өчүрүү кызматкерлерине ырахмат айтуунун ордуна жемелеген фактылар көбүрөөк болот. Канткен күндө дагы алар өз жумуштарын так аткарууга аракет кылышканына карабастан кээде жемеге калышат.

Өрт өчүрүү кызматынын жумушу жөнүндө кененирээк билүү үчүн «Биринчи май» райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн «Өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу» башкармалыгына баш бактык. Ал жерде көп жылдан бери эмгектенип жүргөн «Өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу» бөлүм башчысы майор Бурул Жаныгуловадан жалпы иш боюнча маалымат алдык. Б.Жаныгулова бала кезинен эле аскер кийимин кийип жүрсөм деп кыялданчу экен. Жаштын тилегин берет демекчи ал кыялдары бүгүнкү күндө ишке ашып 1996-жылдан бери ушул кесипти аркалап келээрин жана кесибин сүйөөрүн белгиледи. Өрттүн келип чыгыш себептеринин бири кыш мезгилинде үй жылыткычтарды туура эмес колдонуудан болоорун айтып, жарандарды электр мештерин колдонууда сак болсо деген оюн кошумчалады.

Мындан сырткары үйдүн тазаланбаган мору дагы өрт кырсыгына алып келерин баса белгиледи. Айланып келип эле баардыгы адамдардын шалаакылыгынан болуп жатпайбы? Кээ бир учурларда жаш балдардын ээнбаштыгынан болгон өрт кырсыктары катталат. Ошол себептен бала-бакчаларда, орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында өрттүн алдын алуу боюнча тарбиялык сааттар байма-бай өткөрүлүп тураарын айтты. Камкордукка муктаж балдар үйүндөгүлөрдүн келечегине багыт көрсөтүү максатында да иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ал жердин мекемесинде окуу жайы жайгашып, студенттер билим алууга бардык шарттар түзүлгөн жана техникалык базасы талапка жооп берет. Буюрса ал жерден өз кесибин сүйгөн кадрлар чыгат деген чоң ишеничтебиз. Өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө албан ийгиликтерди каалайбыз!

Айзирек Шайлоева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: