Menu

Депутат Таабалды Тиллаев: «Бишкек шаарынын Манас көчөсүндөгү 5 гектар жердин кимге жана кантип берилгенин иликтөөнү талап кылабыз»

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн жогору жагындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр курчалып, кандайдыр бир курулуш курула баштаптыр. Өкмөт ал жер кимге жана кантип берилгенин иликтеп чыгып, депутаттарга маалымат берүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мен өкмөттүн өкүлүнөн курулуштун жүрүшүн дароо токтотуп, анан иликтөө жүргүзүүнү талап кылам. Ал мамлекеттик трассада жайгашкан жер. Ал жер кимге берилип, бюджетке канча каражат түшкөнүн тезинен тастыктоо керек. Эгерде бизнес үчүн берилсе, анда рыноктун баасында бюджетке каражат түшүрүү керек. Жер жок деп жатабыз, ага карабастан, каалагандарга таратып берип жатабыз. Керек болсо, биз дагы депутаттык комиссия түзүп текшерүүгө алабыз.

Депутат Таабалды Тиллаевдин мындай талабын Мирлан Жеенчороев менен Сайдулла Нышанов баштаган бир катар эл өкүлдөрү да колдошуп, Өкмөткө протоколдук тапшырма берүү менен, иликтөө жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү талап кылышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: