Menu

Видео – Тажик-өзбек чек арасындагы «Гулбахор» бекети ачылды

Бөлүшүү:

7-мартта Тажикстандын Хатлон жана Өзбекстандын Сурхандарья облустарын байланыштырган «Гулбахор» көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Тажикстандын түштүгүндөгү негизги унаа жолдордун биринде жайгашкан бекет 2012-жылы жабылган.

Өткөрүү бекеттин ачылуу аземине чет өлкөлүк жана жеке маалымат каражаттардын журналисттери катыштырылган жок.

Чек арачылардын айтымдарында, «Гулбахор» бекети жөнөкөйлөтүлгөн тартипте иштейт – чек арага жакын жашаган жарандар коңшу өлкөдө расмий чакыруусуз жана туугандарынын телеграммасысыз 5 сутка жүрө алышат.

1-марттан тарта тажик-өзбек чек арасындагы бир нече көзөмөл өткөрүү бекет ачылган. Алардын бири Өзбекстандын Бекабад облусу менен чектешкен Спитаменск районундагы «Хаштьяк» бекети. Ал Хужанд шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан жана андан Ташкентке чейин унаа менен эки сааттын ичинде жетүүгө болот. Ошол эле күнү Өзбекстандын Самарканд облусу менен чектешкен Пенжикент районундагы «Саразм-Жартепа», ошондой эле «Кушкент» жана «Учтурган» бекеттери ачылган.

Көзөмөл өткөрүү бекеттер Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга алгачкы расмий сапарынын алдында ачылууда. Өзбек лидери Душанбеге 9-10-март күндөрү барат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: