Menu

Казак парламенти өлкө порттору аркылуу АКШдан Ооганстанга жүк ташуу келишимин жактырды

Бөлүшүү:

Казакстан парламенти өлкө аймагы аркылуу Ооганстанга атайын жүктөрдүн ташылуусу боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов жаңы киргизилген өзгөртүүлөр жүктөрдү Каспий деңизи аркылуу Азербайжандан Казакстанга, андан ары Өзбекстан аркылуу Ооганстанга жеткирүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.

«Кол коюлган протокол өткөрмө бекеттердин тизмесине Актау жана Курык порттору менен толуктайт», — деди министр.

Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери өлкө аймагы аркылуу 13 миң тоннага жакын атайын жүк ташылган. Казак жүк ташуучуларынын андан тапкан кирешеси 200 миллион теңгеге (620 миң доллардан ашык) бааланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: