Menu

Төрөбаевден Сооронбайга секирген Бекбоевде бет деле жок экен

Бөлүшүү:

Турдуназир Бекбоев президенттин аппарат башчылыгына барам деп жанталашып жатыптыр. Сооронбай мырза бул адамдын чыныгы жүзүн билиш керек. Бекбоев Жалал-Абадда Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү» партиясынын башкы штабын жетектеп, Бакыт үкөсүн этектеп жүрүп, кийин аталган партиянын квотасы менен Айыл чарба министри болгон эле. Андан соң кызматсыз калып, кечээ жакында Төрөбаевден оомат оогондон кийин президенттин алпаратына келип, айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Сооронбай Жээнбековдун ишенчээктиги көп иштерге тоскоол болчудай. Жан дили менен берилип кызмат кылгандар четте калып, тымызын тузак илгендер кызмат алып, баягы эле көрүнүш кайталанып жатат. Эгер бул адам аппарат башчылыгына келсе, эл нааразы болот.

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: