Menu

Илим Карыпбеков Сооронбай Жээнбековду теңсинбей жатабы?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында өлкөдөгү ММК жетекчилерин чогултуп, тегерек столдо баарлашты. Баарлашуу абдан жакшы өттү. Журналисттер тарабынан бир топ коррупциялык фактылар, маанилүү сунуштар, ой-пикирлер айтылды. Мына ошол президенттин эки сааттык баарлашуусу жалпы кыргыз элине толук бойдон жетсе болмок. Анткени эл Сооронбай Жээнбековдун жасай турчу иштерин, келечектеги пландарын күтүп жатышат. Экс-пре­зидент Алмазбек Шаршеновичтин жыйналыштарын күнү-түнү кайталап берген КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков, негедир Сооронбай Жээнбековдон эфирин кызганып жаткандай. Кыскасы тегерек столдогу баарлашуу толук элге жеткен жок. Журналисттер тарабынан айтылган ой-пикирлер жарандар үчүн абдан маанилүү. Балким, Илим мырза жаңы президентке анчейин көнө албай жаткандыр…

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: