ИИМ министринин орунбасары Данияр Абдыкаровго карата катуу чабуул болуп жатат. Кызматка жетпей калгандардын баарысы нааразы. Азырынча Абдыкаров ооз ача элек. Бирок ал боюнча өтө оор кылмыштуу айыптар коюлуп жатат. Бул жигиттин эрки дагы канчага чейин жетээр экен. Каршылаштарын жеңеби же жеңилип береби? Аны кызматтан алуу маселеси бир топ ирет көтөрүлүп, бирок ага карата айтылган дооматтар суу кечпей жаткандыктан маселе ачык бойдон калып жатыптыр. Эмнеси болсо да, Данияр мырзанын териси калың экен. Аны Сүйүн Өмүрзаков менен да кайраштырып көрүштү. Экөө тең интригага ачык алдырышкан жок. Тымызын гана тирешип келишет. Ортодогу “кара шайтандар” экөөнү кайраштырып жатканын билишет болду бекен өзү. Негизинен алып караганда ИИМдин ичи интригага толуп кетти. Булардын интригасы аягына чыккыча кызыл шапкечендер жыртык чокойчон калышты.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ