Menu

“Бок мурун” Курманалиев президентке өзү каршы чыктыбы же шефтери мажбурладыбы?

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңешинин катчылыгында иштеп кеткен Алмазбек Курманалиев деген “бок мурун” бар эмес беле. 2010-жылга чейин Максим Бакиев түзгөн президенттин катчылыгында кагаз ташып чуркап жүргөн. Бул эргул да кайсыл адам бийликке келбесин, колтукка киргенди жакшы өздөштүргөн экен. Кийин Атамбаевге да агынан кызмат кылганга аракет кылды. Коопсуздук кеңешинин катчылыгында да аз убакыт олтуруп калды. Ошол “бок мурун” азыркы президенттин Коопсуздук кеңешинде коррупция менен күрөшөм деген максатын сынга алып, олчойгон макала жазып, аны “Акипресс” агенттиги басып чыкты. Андай макаланы Курманалиев өзү жаза алары да күмөн. Мурункунун башка бир идеологу жазып бергендей таасир калтырууда. Андан дагы Ак үйгө акаарат айтмак түгүл, чүчкүрсө чоочуп кетчү “Акипресс” жарыялап жаткан соң, мурунку команданын азыркы президенттин коррупция менен катуу күрөшөм дегенинен чоочуп, аны эмитеден ордуна коюп коёлу деген алгачкы кадамы болду деп санай берсе болчудай. Курманалиев макаласынын башында эле “Эгер Жээнбеков коррупция менен күрөштү баштаса, анда Атамбаевдин учурунда эмне кылып жүргөн?” деген суроону коюптур. Ал бул суроону Жээнбековго эмес, өзү ак эмгегин өтөгөн Атамбаевге берсе, ошол коррупция менен кандай күрөшкөнүн айтып бермек да. Курманалиевдин пикири мурунку команда азыркы президенттин алгачкы эле кадамдарын эл колдоп жатканына күйпөлөктөп, өрттөнүп баратканын ачыктады.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: