Menu

Айдаралиев менен Ахметов ээрден шыпырылганы калды

Бөлүшүү:

Жакында эле Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында “Миграция жаатындагы компетенттүү органдарды түзүү боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимин ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбооруна карата президенттин каршы пикири талкууланды. Депутаттар мыйзам долбоорун карап жатып, ишти жөндөп алып бара албаган Юстиция министри Ахметов менен миграция кызматынын төрагасы Айдаралиевди кызматтан бошотууну өкмөт башчы Сапар Исаковго жолдошту. Буга чейин деле бул эки эргулдун ишине ичи чыкпагандар көбөйүп жаткан. Ахметов депутаттардын берген суроолоруна жөндөп жооп бере албай жүдөсө, Айдаралиевдин миграция тармагы боюнча жарытылуу иш алып барганы деле көрүнбөгөн. Ага караганда жаш болсо да мурунку төрага Бакыт Адылов тыңдай чуркап иштеп, мигранттардын маселесин чечүүдө көп иштерди жасаганга жетишкен. Колунан иш келбегенден кийин креслону кучактап олтура бергенде өлкөгө пайдасы тиймек беле? Мындайларды кармап олтура бербей, “оптом” оодарып түшүп, иштейм дегендерге орунду бошотуп берген жакшы эмеспи.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: