Бүгүн, 11-марттын таңында, саат 5те, Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев 71 жашка караган курагында, узакка созулган оорудан улам оо дүйнө салды. Бул тууралу кыргыз киножурту жана жакындары билдирүү таратты.
Ашыр Чокубаев Кыргыз мамлекеттик драма театрында, “Кыргызфильм” жана чет өлкөлүк киностудияларда жүздөгөн көркөм образдарды жаратып, Кыргыз эл артисти наамына татыктуу болгон.
Ашыр Чокубаев 1947-жылы 4-декабрда туулган жана былтыр 2017-жылы декабрда 70 жылдык мааракесин белгилеген.
Таланттуу элдик актердун жаткан жери жайлуу болсун! Топурагы торко болсун!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ