Menu

Өзбекстанда ымыркайын өлтүрүүгө шектелген студент кыз кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Кизирик районунда жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Наристенин сөөгү 7-мартта жергиликтүү балык чарбаларына тиешелүү көлмөнүн жээгинде табылган.

Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы педагогикалык колледждин студенти кармалды. Окуу жайдын жетекчилиги облус акимчилигине чакыртылды.

Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик Кизирик районундагы колледждердин бардык студент кыздарын мажбурлап, гинекологго көрүнүүгө жөнөтүүдө.

Мааледеги активисттердин биринин айтымында, студент кыз өз алдынча төрөп, ымыркайын думуктуруп өлтүрүп, көлмөнүн жээгине алып барып таштаган. “Мен анын атасын тааныйм. Мурун ал биздин райондо тракторист болуп иштечү. Кийин Орусияга кеткен. Кыз ата тарбиясын көргөн жок. Эмнени кааласа ошону жасачу”, –деди ал.

Бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: