Menu

Казакстанда камактан качууга аракет жасаган бизнесмен көрсөтмө берүүдө

Бөлүшүү:

Казакстан улуттук коопсуздук комитети расмий сайтына жана YouTube-каналына камактан качуу аракетинен кийин кармалган бизнесмен Муратхан Токмадинин көрсөтмөсүнөн үзүндү жарыялады. 48 секунддук видеодо киши өлтүрүүгө айыпталган Токмади эч кандай даттануусу жок экенин билдирген.

«Аблязовдун көрсөтмөсү менен 2004-жылы Ержан Татишевди өлтүрүү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгам. Сотто күнөөмдү моюнума алгам. 8-мартта өкүм чыгарын күтүп жатып, качууга аракет жасадым. Бирок укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалдым. Күнөөмдү моюнума алам, туура эмес иш жасадым деп эсептейм», – дейт Токмади.

Сот жараяны учурунда ден соолугуна байланыштуу убактылуу Тараздагы облустук ооруканага жаткырылган бизнесмен 8-мартта ал жерден качып кетип, эртеси кармалган.

Токмади былтыр июлда камалган. “Казстройстекло” заводунун ээси бизнес-өнөктөшүнүн акчасын тартып алуу, мыйзамсыз курал сактоо боюнча күнөөлүү деп табылып, күзүндө үч жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк ага банкир Ержан Татишевди өлтүрүү боюнча айып тагылган. Камактагы Токмади республикалык телеканал аркылуу билдирүү жасап, 2004-жылы аң уулоо учурунда Татишевге кокустан ок жаңылбаганын, Аблязовдун көрсөтмөсү менен атайлап өлтүрүлгөнүн мойнуна алган. Аблязов бул билдирүүлөрдү четке каккан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: