Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан эл аралык уюмдардын лагеринде атайын даярдыктан өткөн «С.Ж.» аттуу КР жараны кармалды, – деп билдирди МУККтун маалымат борбору.
«С.Ж.» ЭТУ башчыларынын тапшырмасы боюнча, колго жасалган жардыруу түзүмдөрдү пайдалануу менен терак жасоону пландаштырганы аныкталды.
Азыркы убакта МУКК органдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгү жана 226- беренеси (“Террористтик актыны даярдоо”), 226-4 ( Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) беренеси жана 299-2 (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, жайылтуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисстик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган адам КР МУКК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ