Menu

Рахат Аксултанова, актриса: “Мен балким сүйүүмдү жолуктурам…”

Бөлүшүү:

Көчөбүздө жаз. Чыйрыгып бүткөн, үшүп бүткөн жандүйнөлөрдү жылыта турган, жамгырын төгө турган жаз келди. Анан дагы апалардын, айымдардын гүлгө оронгон майрамы. Биз таланттуу, сулуу айымдарыбызга “жаз сен үчүн кандай мезгил?”, “жазда сүйүү башталат дегенге кандай карайсың?”, “кандай белектерди күтөсүң?” деген суроолорду узаттык.

— Бизди үшүткөн сууктан кийин жаз өзү керемет эмеспи. Баары жаңыдан жаралат. Мага эрте жаз эмес кеч жаз жагат. Себеби, айлананын баары жапжашыл болуп, гүлдөр ачылып, сирень жыты буркурап өзгөчө маанай тартуулайт. “Жазында сүйүү башталат” деген кеп бар. Бул эмнеден улам айтылып калган? Кышында күн муздак болгондой эле, адамдар да кабаттанып кийинип, өздөрү деле муздак маанайда жүрүшөт. Жазында күн жылып, маанайлар ачылат. Ошону менен бирге сүйүүлөр да ойгонот деп ойлойм.

Мен жаздан балким, сүйүүмдү жолуктурам го деп ошол белекти күтөм. Балким тагдыр мага ушул жазда сүйүү тартуулайт… Ар бир үй-бүлөдө жаздагыдай жарык маанай болуп турушун каалайм.

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: