Menu

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Сот тармагын, андагы абийирсиз фемида өкүлдөрүн тез арада реформалабаса, абал жакшы эмес”

Бөлүшүү:

Өлкөдө соңку убакта сотторго болгон элдин кыжырдануусу болуп көрбөгөндөй чекке жеткендигинен улам рубрика сынына бул сапар Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны чыгардык. Бүгүн абийирсиз фемида өкүлдөрү менен сот тармагын бул айым саздан чыгарып, реформа жолуна сала алабы? Дегеле адам тагдырын каалагандай калчаган судьялардан канткенде тазаланабыз? Башкы фемидачылар элдин ишенимин актай алышабы? Же жаңы президенттин келиши менен Токбаева да кызматынан кетип, сот системасын биротоло түп-тамырынан жаңылоо керекпи? Биз мындай соболдорубузга тийиштүү жоопторду алып, эл сынына койдук. Эмесе, өлкөдөгү сот системасы жана анын анабашчысына карата коомчулуктун баасы кандай экендигине төмөндөгү пикирлерден улам ынансаңыздар болот. 

— Сот реформасы Кыргызстанда “өлгөндүн артынан көмгөнгө барабар” болгон. Сот системасын бутуна тургузуш үчүн аны жаңыдан түзүп башташ керек. Конституциялык реформа керек. Бүгүн ар кандай лобби топтордун аракеттери аркылуу Жарандык кодекс менен Кылмыш-жаза кодекси кошо талкаланды. Бүгүнкү күндө сот аткаруу департаментин сот тармагынан бөлүп чыгыш абзел. Эң коркунучтуу коррупциялых схемалар ушул жерде жатат. Соттордун квалификациялык тандоо системасын ордуна алып келүү учур менен тастыкталды. Биз сот системасын морадерлукка бердик. Ар кандай партиялык күчтөр өзү тааныган корбашыларды, революциянын атына жамынып, тамга тааныбаган, керек болсо өздөрү соттолгон адамдарга чейин тандоо кеңешине алып келишти. Кечээ эле нанга тыйын таппай жүргөндөр бул мекемелерде баа жеткис машиналарды минип, элиталык үйлөргө ээ болду. Чала сабат соттор берген каражаттарын кайрууга алек болду. Ошол эле лоббистер Жарандык кодексти байларга сатып жиберишти. Ушул сындуу нерсеге жол ачкан иштер Айнаш Токбаева эжебиздин мойнунда. Сот системасы нейрохирургияга окшош өзгөчө тармак. Бул тармакта билим алуу өтө узак процесс. Тажрыйба менен билим бирге кетиш керек. Бүгүн тажрыйбасы жок, дипломдорду сатып алып, бир сот процессине катышпаган адамдар да сот болуп жатышат. Анан кантип бул тармактан адилеттүүлүктү күтсөк болот? Сот тармагын, андагы абийирсиз фемида өкүлдөрүн тез арада реформалабаса, абал жакшы эмес.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: