Көчөбүздө жаз. Чыйрыгып бүткөн, үшүп бүткөн жандүйнөлөрдү жылыта турган, жамгырын төгө турган жаз келди. Анан дагы апалардын, айымдардын гүлгө оронгон майрамы. Биз таланттуу, сулуу айымдарыбызга “жаз сен үчүн кандай мезгил?”, “жазда сүйүү башталат дегенге кандай карайсың?”, “кандай белектерди күтөсүң?” деген суроолорду узаттык.
— “Сүйүү жазда келет” дегенге анчалык кошула бербейм. Сүйүү төрт мезгилде тең келиши мүмкүн. Жаз мен үчүн күттүргөн мезгил. Себеби 8-март күнүн үй-бүлөбүз менен жакшы маанайда майрамдап келебиз. Жазды күткөнүмдүн себеби, апакемдин да туулган күнү. Жаз – жаңы күндөрдүн башталышы.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ