Menu

Жаз жана сулуулар

Бөлүшүү:

Көчөбүздө жаз. Чыйрыгып бүткөн, үшүп бүткөн жандүйнөлөрдү жылыта турган, жамгырын төгө турган жаз келди. Анан дагы апалардын, айымдардын гүлгө оронгон майрамы. Биз таланттуу, сулуу айымдарыбызга “жаз сен үчүн кандай мезгил?”, “жазда сүйүү башталат дегенге кандай карайсың?”, “кандай белектерди күтөсүң?” деген суроолорду узаттык.

 Алина УЛАНОВА, ырчы: “Мырзалардын көңүл буруусу чоң белек”

— Жаз аябай жагат. Баардык нерсе гүлдөп баштайт. Жазында айрыкча март айында да майрамдар көп. Ак калпак, ак элечекчендер күндөрү, Нооруз майрамы бар. Анан баарыбыз күткөн 8-март майрамы бар. Жазгы аба ырайы жакшы маанай тартуулайт. Табигаттын сулуулугун көрүп, жамгырдан кийинки таза абада дем алып сейилдегиң келет. Жаздан көп адамдар сүйүү күтүшөт.

Анан албетте сүйүүлөр келет. Мен майрамымда белекке башка айымдардай эле гүл алганды жактырам.  Уюлдук телефон же зер буюмдарын алгым келет дегенден алысмын. Негизгиси мырзалардын бизге көңүл буруусу чоң белек.

 Алтынай ЭМИЛБЕКОВА, модель: “Турмушумдагы чоң белектерди кадимки эле күндөрдө алгам”

— Мага төрт мезгил тең жагат. Сүйүүлөр кычыраган кышта, жалбырагы төгүлгөн күздө, жайкы аптапта да жаралып калышы мүмкүн. 8-март майрамында эсте кала турган чоң белек деле алып көргөн эмесмин. Балким гүл, жакшы атырларды алып калышым мүмкүн. Турмушумдагы чоң белектерди кадимки эле күндөрдө алгам.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: