2018-жылдын 11-март күнү саат 10:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунуда, Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Чычкан капчыгайы) көлөмү 1140м3, кайрадан саат 13:00 чамасында көлөмү 1500м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында (Чычкан капчыгайы) саат 12:00 чамасында көлөмү 1300м3, саат 13:00 чамасында1350м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.
№23 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 ХОВО жана 4 кызматкер тартылган.
Тартылган техниканын жардамында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымы саат 16:30да, 224-чакырымы саат 15:00дө унаа жолу толук тазаланып ачылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ