Акыркы 20 жыл аралыгында өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны бир жарым эсеге өстү. Бул тууралуу 6-мартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин “Арди” бирикмесинин өкүлү Турдубү Жумабекова маалымат жыйында айтты.
Анын айтуусуна караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бала бакчага, мектепке баруусуна шарттарды түзүү – мезгилдин башкы талабы. “Бүгүнкү күндө майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдардын саны 29 миң 800гө жетти. Ал балдарды үйдө мээрим берип тарбияласа, келечекте өлкөнүн керегине жараган жарандар болот” деди Жумабекова.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ