Menu

Булан институту мектеп мугалимдеринин абалы тууралуу жарыялайт

Бөлүшүү:

Европа Биримдигинин “Коомдук кенештердин жарандык коом менен кызматташтыгын жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен жакында мектеп көйгөйлөрүн көтөрүп, изилдөө да жарыялай турган долбоор башталды. Бул долбоорду билим берүү тармагында мыкты иштерди алып барып аткан Булан институту ишке ашырмакчы. Булан институтунун уюштуруусу менен КР билим берүү министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жолугушуп, бир топ маселелерди талкууга алышты.  Бирге иш алып барууга макулдашылды. Жолугушуунун негизги милдети – журналисттер менен билим берүү министрлигинин мамилесин бекемдеп, кездешкен көйгөйлөрдү чогуу-чаран чечүү маселеси козголду. Медиа-координатор Назгүл Калмамбетова белгилегендей, бул Булан институтунун биринчи иш-чарасы же долбоору эмес. Булан институту негизделгенден бери билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө арналган бир нече терең изилдөөлөр жүргүзүлүп, көйгөйлөр чечилишине чоң таасири тийди. Кыргызстандагы медреселер, алардын билим берүү системасы, авариялык абалдагы мектептер, мектептердеги взнос ж.б. акча чогултууларга окшогон бүгүнкүнүн көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Жакын арада Ош шаарында да тегерек үстөлдөр, коомдук угуулар, жолугушуулар болору маалымдалды. Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы Айнура Тентиева билим берүү тармагын жакшыртып, андагы көйгөйлөрдү чечүүгө болгон дараметтерин жумшап жатышканын, “массалык маалымат каражаттары менен иштешүү, бирге ишке иш алып баруу – билим берүү тармагынын ишин жакшыртат. Эл менен жакыныраак болууга өбөлгө болот” деп белгиледи.

Булан институтун атактуу журналист Чолпон Орозобекова негиздеген. Женевадагы дүйнөгө белгилүү университеттерди аяктап, учурда коопсуздук жана эл аралык саясат боюнча эл аралык экспертке айланды. Чолпондун англис тилдеги аналитикалык макалалары эл аралык басылмаларга жарыяланып келүүдө. Баса, 27-мартта Бишкекте медреселерде билим сапатын жакшыртууга арналган чон конференция өтөт. Аны Булан институту жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия биргеликте уюштурууда.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: