Menu

Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн орнотууга Сооронбай Жээнбековдун күчү жетеби?

Бөлүшүү:

– Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер: “МИТИНГ МЕНЕН ЭЧ НЕРСЕ ЧЕЧИЛБЕЙТ”

– Менин жеке оюмда митинг же орун алмашуу менен эч качан оңолбойбуз. Митинг менен эч нерсе чечилбейт. Коррупцияны жок кылабыз десек, биринчи кезекте системаны өзгөртүп, катуу мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Ошондой эле ал мыйзамдар иштеши керек. Коррупциянын гүлдөшүнө, коррупционерлердин эл арасында тайраңдап жүрүшүнө өзүбүз да күнөөлүүбүз. Себеби коррупционерлерди бошотуп алабыз. Анын залакасы кайра эле өзүбүзгө тийип жатат.

Сонунбүбү Кадырова, ырчы: “ЭЛ ТОГОТПОГОН ЖАРАНДЫК КООМДУ БИЙЛИК ТОГОТМОК БЕЛЕ”

– Жарандык коомдун дагы ашмалтайы чыгып бүттү да. Жөн эле өздөрүнүн бар экенин көргөзүп туруу үчүн чыгып жүргөндөй сезилишет. Ошодуктан, элдин ишеничинен кетишкен. Аларды эл деле анчалык тогото бербейт. Эл тоготпогон жарандык коомду бийлик тоготмок беле. Бирок, алардын арасында мурда бийликте жүргөндөр да бар. Кыйын болсо колунда бийлиги барында неге азыр сындап жаткан иштерди жасаган эмес. Сындашса да, колдошсо да, бийлик өз жолу менен кете берет. Кандай иштерди жасайт аны алдыда көрөбүз.

Мавлян Аскарбеков, активист: “ПРЕЗИДЕНТТИН КОМАНДАСЫ УБАКЫТ АЛАРГА КАРШЫ ИШТЕП ЖАТКАНЫН ТҮШҮНҮҮСҮ ЗАРЫЛ”

– Уурулукка, коррупцияга баткан сотторго, прокурорлорго, милиция, УКМК кызматкерлерине каршы жана Сооронбай Жээнбековдун аракетин колдоо иретинде тынч митинг өткөздүк. Кыргызстан боюнча жүз миңдеген жарандарыбыз булардан жабыркап, калыстык, акыйкаттык таппай жүрүшөт. Президенттин ишке киришкенине 100 күн болуп, талаптар айтылып, эми ишке өтөт деп күтүп жатабыз. Президенттин айтылган сөзү эл арасында ишеним, үмүт жаратты, эми ошону акташ керек. Президенттин командасы убакыт аларга каршы иштеп жатканын түшүнүүсү зарыл.

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: