Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында саат 17:09да Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтүнүн Ичке-Суу айылынын тургуну 1974- жылы туулган М. М. аттуу жаран Тар дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери аны издөө иштери дагыле жүргүзүлүп келатат. Жоголгон жаранды издөө жараянына өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан алты куткаруучусу, ӨКМдин Кара-Кулжа райондук №66-Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жыйырма куткаруучусу, райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкери, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылды. Ушул тапта издөө иштери дагы күчөтүлдү.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ