Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 2018-жыл 8-февралдагы чечиминин ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-мартта өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары жана аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди.

Ал Коопсуздук кеңешинин чечими 45 иш-чараны камтыганын жана алар учурда ишке ашырыла  баштаганын белгиледи.

«Коопсуздук кеңешинин Катчылыгына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 2016-2017-жылга карата токтотулган же жабылган кылмыш иштеринин тизмеси берилди. Материалдар Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин бир айдын ичинде келип түштү. 2018-жылдын 10-мартына чейин алар боюнча тиешелүү талдоо жүргүзүлдү. Бүгүн бул материалдардын баары Кыргыз Республикасынын Президентине таанышуу үчүн берилди», – деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Ал ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын декларацияларын текшерүү механизмин караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Өкмөттүн Аппаратында турган токтом долбоору жакын арада кабыл алынат деп күтүлүүдө.

«Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жеке иштери суралып алынды, учурда алар текшерилип, декларацияланган мүлкү боюнча маалыматтын чындыгын текшерүү жаатында терең анализдөө иштери жүргүзүлүп жатат», – деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Мамлекет башчысынын дарегине түшүп жаткан билдирүүлөр жана арыздарга өзгөчө көңүл буруп, аларга өз учурунда жооп кылуу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары Президент Коопсуздук кеңешинин айрым мамлекеттик органдарындагы системдүү коррупцияны жоюу тууралуу буга чейинки кабыл алынган чечимдери боюнча жумушту улантуу керектигин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бардык мамлекеттик органдарда, анын ичинде Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарында системдүү коррупцияны жоюу боюнча пландар кабыл алынып, ишке ашырыла баштагандыгын маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: