Menu

Түркмөнстан абактарында дайыны билинбей жаткан дагы бир адам каза болду

Бөлүшүү:

Түркмөн абактарында дайыны билинбей жаткан дагы бир адам Овадан-депе колониясында каза болду. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, февралдын башында каза болгон Түркмөнстан УККсынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бегмурад Отузовдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал 2002-жылы 25 жылга соттолгон.

«Аларды тирүү көрсөткүлө» деп аталган эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, Бегмурад Отузов камакка алынардан мурда 2001-жылы Лебап облусунун жетекчи орун басары жана ошол эле облуста Укук коргоо жана аскер органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча кеңештин төрагасы болгон. 2002-жылы апрелде өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинде иштеп жүргөн маалда кетирген ишиндеги «олуттуу каталарга» байланыштуу жумуштан алынып, аскердик наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Түркмөнстан бийлиги 15 жылдан бери 2002-жылкы ноябрь окуяларынан кийин камалган ондогон жарандын кайсыл жерде экендиги тууралуу эч кандай маалымат бербей келет. Эл аралык уюмдар бир канча жолу алардын тагдырларына тынчсызданууларын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: