Menu

Казакстан: прокурор адам өлтүрүүгө айыпталган ишкерге 12 жыл сурады

Бөлүшүү:

Тараз шаарындагы сотто прокурор 2004-жылы «ТуранАлем банкынын» мурдагы башчысы Ержан Татишевди өлтүрүүгө айыпталып жаткан ишкер Муратхан Токмадини күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Өз кезинде адвокат соттон Токмадинин баш коргоо чарасын аныктоодо анын эрезеге жете элек балдарынын бар экенин эске алуусун суранды.

Жергиликтүү агенттиктердин маалыматы боюнча, бул иш боюнча сот 16-мартта өкүм чыгарат.

Былтыр күзгө чейин бийлик Ержан Татишев аңчылык маалында кокустан каза тапкан деген версияны айтып келген. Бирок июнда «КазСтройСтекло» компаниясынын ээси Токмади кармалып, Татишев атайын өлтүрүлгөнүн айткандан кийин жаңы тергөө иштери башталган.

Былтыр октябрда Алматы соту Токмадини опузалоого жана мыйзамсыз курал сактоого күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Анын туугандары сурак маалында ишкерге басым жасалганын бир канча жолу билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: