9-мартта Өзбекстан ИИМинин алдындагы Жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, милициянын полковниги Абдукарим Шодиев камакка алынды. Бул тууралуу 12-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматына жергиликтүү укук коргоочу Сурат Икрамов билдирди.
Анын айтымында, 56 жаштагы Абдукарим Шодиевге карата «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «күнөөсүз адамды жоопко тартуу» айыптары тагылды.
1999-жылдан 2018-жылга чейин Жаза аткаруу башкармалыгында жетекчтөөчү кызматтарда болгон Шодиев камакка алынган маалда өлкөнүн ИИМ академиясында окутуучу болуп иштеп жаткан.
2003-жылы БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Тео ван Бовен Өзбекстанда кыйноолор системалык мүнөзгө ээ экендигин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ